Ибраимов: Милициянын жаңы Патрулдук кызматы өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү

Ибраимов: Милициянын жаңы Патрулдук кызматы өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү

Милициянын жаңы Патрулдук кызматы өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов президенттин кабыл алуусунда болгон учурда билдирди.

Анын маалыматы боюнча, Бишкек шаарында түзүлгөн Патрулдук милиция өлкөдөгү жалпы криминогендик абалга жакшы таасир этип, ийгиликтүү ишин көрсөттү.

2020-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы статистикалык маалыматтар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кылмыштын бардык түрлөрүн аныктоодо бир кыйла өсүш болгонун тастыктайт.

Мисалы, автотранспорттук каражаттарды алкоголь ичимдиктерин ичип алып башкарган айдоочулардын санын аныктоо 2,5 эсе  көбөйгөн. Ошондой эле башка жол кыймылы эрежелерин бузгандарды аныктоо 10 эсе өскөн. Жарандардын Патрулдук кызматка кайрылуусу 50 пайызга көбөйгөн, демек, жарандар аларды коргоочу жана жардамчы катары көрүп, Патрулдук милицияга көбүрөөк ишене баштаган.

Муну менен катар Тамерлан Ибраимов Патрулдук кызматтын кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөр кескин азайганын белгиледи.

Мындан сырткары, ал Ош шаарында милициянын Патрулдук кызматын түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Тамерлан Ибраимов талапкерлерди тандоо боюнча сынак максималдуу ачык-айкын өткөнүн, сынактык комиссияга ИИМдин жана жарандык коомдун өкүлдөрү киргенин баса белгиледи.

Сынак үч этап менен өткөн. Талапкерлер жалпы сабаттуулукка тест тапшырып, ден соолугунун даярдыгы боюнча сыноодон өтүштү, ошондой эле алар менен жеке баарлашуу жүргүзүлдү. Сынактык комиссия чечимди коллегиалдуу кабыл алышты, муну менен кимдир бирөөнүн комиссия мүчөлөрүнүн чечимине таасир этүү аракети чектелди.

Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча зарыл делген 219 штаттык бирдиктин 59 бош оруну толукталды.

Азыркы тапта тандалып алынган 129 талапкер Ички иштер министрлигинин Академиясынын Ош шаарындагы филиалына 3 айга окууга жиберилген. Окуу 2020-жылдын 1-сентябрында башталат.

Тандалып алынган талапкерлердин ичинен 55%ы жарандардан, жол коопсуздугу бөлүмдөрүндөгү мурдагы кызматкерлер 8,5%ды түзөт, калганы милициянын башка бөлүмдөрүнүн кызматкерлери болуп саналат.

Окууну аяктап, бүтүрүү экзамендерин ийгиликтүү тапшыргандан кийин курсанттар менен контракттар түзүлөт. Ош шаарында милициянын Патрулдук кызматы декабрь айында өз ишин баштаары күтүлүүдө.

Кызматтын калган ваканттык курамын түзүү боюнча кийинки сынактык тур үстүбүздөгү жылдын күз мезгилинде жарыяланат.

«Биз Патрулдук милициянын курамын кескин жаңылоону максат кылганбыз. Белгилүү болгондой, жарандык чөйрөдөн келген жигиттер менен кыздар Патрулдук кызматка жакшы ниеттери жана карьера жасоого туура, таза амбициялары менен баратышат. Менимче, бул абдан жакшы», — деп баса белгиледи Тамерлан Ибраимов.

Ал ошондой эле милициянын Патрулдук кызматы долбоорун өлкөнүн башка аймактарында дагы ишке ашыруу боюнча келечектүү пландарын белгиледи.

[su_image_carousel source=»media: 39102″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>