Site icon Reporter.kg

Ички аба каттамдын билет баасы күзүндө 2 миң сомго түшөт

Asman Airlines компаниясынын учактары 27-сентябрдан тарта аймактагы шаарларга учуп баштайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин  маалыматы кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, учак Талас, Нарын жана Караколго каттайт.

«Билеттин баасы 2000 сомдон башталат», — дейт ал.

Компаниянын маалыматында, бир нече тариф сунушталат: супер эконом (7 кг кол жүк менен гана), фул эконом (15 кг жүк жана кол жүк), флекс эконом (15 кг жүк, 7 кг кол жүк, орун тандоо мүмкүнчүлүгү жана кезексиз тейлөө).

15-августтан тарта Бишкек — Талас — Бишкек багыты боюнча билеттерди сатуу башталат.

Белгилей кетсек, буга чейин «Манас — эл аралык аэропорту» ААКсынын президентти Манасбек Самидинов мамлекеттик авиакомпаниянын учактары талап көп жана алыс болгон Ош, Баткенге учарын айткан. Баткен жана Раззаков шаарларына билет баасы 6,5 миң сомду түзөт.

Ош, Баткенге билет качан арзандап, учактар үзгүлтүксүз учуп баштары айтылды

Exit mobile version