Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кытай элчиси менен жолукту — сүрөт

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кытай элчиси менен жолукту — сүрөт

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень менен жолукту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар терроризм жана экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, улуттар аралык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бирдиктүү иштерди талкуулашкан. 

Ошондой эле жолугушууда эки өлкөнүн коопсуздук министрликтеринин эки тараптуу кызматташуулары жогору бааланып, аны дагы өнүктүрүү керектигин белгиленген.
Мындан сырткары жолугушууда кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү келечектеги кадамдар да макулдашылган.

[su_image_carousel source=»media: 49499,49500,49501,49502,49503″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>