Ички иштер министринин милдетин аткаруу Улан Ниязбековго жүктөлдү

Ички иштер министринин милдетин аткаруу Улан Ниязбековго жүктөлдү

Премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Улан Ниязбеков дайындалды. 

Буга чейин Кашкар Жунушалиев кызматтан кетүү боюнча арызын жазган.

Улан Ниязбеков ИИМде каржы-чарба бөлүмүн башкарып турган. 2012-жылы жүк ташуучу автоунааларды сатып жиберген деген негиз менен иши Башкы прокуратура тарабынан каралып, мыйзам бузуулар табылбаганы кабарланган. 2014-жылы кызматынан кетип, 2015-жылы парламенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен барган.

 

Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>