Site icon Reporter.kg

ID-картага жарандын улутун көрсөтүү тууралуу графа киргизилди

Кыргызстандын жарандарынын идентификациялык картасына (ID-картасына) этностук таандыкты көрсөтө турган графа киргизилди. Тийиштүү токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Бул чечим Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

«Конституциялык палата паспортко этностук таандык графасын көрсөтпөө боюнча 2017-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн токтому менен бекитилиген чечим Конституциясынын  38-беренесине карама-каршы келет деп тааныган. Ошондой эле буга чейин кабыл алынган чечимдин негизинде ар бир адамдын өзүнүн этностук таандыгын эркин аныктоо жана көрсөтүүгө карата укугун кепилдөө бузулганын белгилеген», — деп жазылат Өкмөттүн маалыматында.

Өкмөттүн жаңы кол коюлган токтомуна ылайык, Кыргызстандын жарандары өз эрки менен ID-паспортуна улутун көрсөтө алат.

Exit mobile version