Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) Кыргызстандын инвестициялык жана кредиттик банкы (KICB) тарабынан Кыргызстанда биринчи жолу чыгарылган туруктуу өнүгүү облигацияларына 15 миллион доллар бөлгөнүн жарыялады.
Каражат өлкөнүн социалдык жана экологиялык өнүгүүсүнө салым кошкон долбоорлорду каржылоого жумшалат. Кичи жана орто бизнести, анын ичинде аялдардын ишкердигин колдоо, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү, туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү, ошондой эле энергияны үнөмдөө жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлор приоритеттүү багыттар болот.