Site icon Reporter.kg

“Ихсан” кооперативинин жетекчилерине сот өкүмү чыкты

“Ихсан” кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева 12 жылга соттолду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Анын мүлкү конфискацияланып, жазасын түзөтүү мекемесинде өтөйт.

Андан тышкары, кооперативдин кызмаркери Эрмат Абылкасымов 11 жылга кесилди.

Белгилей кетсек, аталган компаниянын жетекчиси Акинай Бекмурзаева 2012-жылдын июль айында камакка алынган. Ага каршы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин маалыматында, “Ихсандын” кардарларынын чыгымы 700 миллион сомду түзөт.

“Ихсан”кооперативинен жапа чеккендердин чыгымы аныкталды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version