ИИМ: Өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн ар бир кызматкерге кошумча акча төлөнөт

ИИМ: Өзгөчө абал учурунда кызмат өтөгөн ар бир кызматкерге кошумча акча төлөнөт

Өзгөчө абал учурунда  кызмат өтөгөн тартип сакчыларына кошумча колдоо өзгөчө абал аяктаган соң эсептелип такталган соң  төлөнүп берилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Азыркы учурда ИИМде  кызмат бөлүктөрүнүн башчыларынан турган атайын комиссия түзүлүп ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Алар өзгөчө абал  учурунда кызмат өтөгөн ар бир кызматкердин кылган ишине аныктап, кошумча төлөнө турган акча каражатын акыйкат төлөө боюнча ииш жүргүзүшөт.

Өзгөчө абал учурунда  коомдук тартипти сактоого тартылган ар бир кызматкер такталып, аларга мыйзам чегинде каржылык колдоо каралат.

ИИМ ошондой эле “өзгөчө абал учурунда  кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине кошумча эч кандай айлык маянасы төлөнгөн жок” деген сыяктуу маалымат таратуудан карманып турууга чакырат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>