ИИМ: Үстүбүздөгү жылда экстремисттик жана террористтик идеологияны жайылткан 316 адам кармалды

ИИМ: Үстүбүздөгү жылда экстремисттик жана террористтик идеологияны жайылткан 316 адам кармалды

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылы диний экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологияларын жайылткан 516 факты аныкталып, алар боюнча 316 адам кармалган.

Кармалган жарандардан экстремисттик мүнөздөгү 2104 материалдар алынды. Бул тууралуу 26-декабрда ИИМдин Коомдук кеңешинин жыйынында Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын башчысынын орун басары Айбек Жайлообаев билдирди.

Экстремизмдин алдын алуу үчүн жогорку жана атайын орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары арасында 6000дөн ашуун лекция, семинар, тегерек стол, конференция өткөрүлдү.

Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү 80 сайт жана 22 аккаунт аныкталып, алардын ичинен 44 сайт, 10 аккаунт соттун чечими менен жабылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>