ИИМ: Үстүбүздөгү жылдын 10 айында 126 миң кылмыш катталды

ИИМ: Үстүбүздөгү жылдын 10 айында 126 миң кылмыш катталды

2019-жылдын акыркы 10 айында 126 миң кылмыш катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 447 кылмышка көп. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ИИМ Кашкар Жунушалиев билдирди.

Жыйында оор кылмыштардын санынын өскөнүн дагы айтылды.

«ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун 421 мүчөсү катталган. Быйыл 136 УКТ мүчөсү камакка алынды, мурдатан издөөдө жүргөн 13 уюшкан топтун мүчөсү кармалды», — деди Жунушалиев.

Кашкар Жунушалиев «Кылмыштуулук менен күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө» мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор иштелип чыкканын айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>