Site icon Reporter.kg

ИИМ алдамчылык үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштоодо

Ички иштер министрлиги алдамчылык үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Министрлик белгилегендей, акыркы кезде алдамчылык фактысы боюнча укук коргоо органдарына кайрылган жарандардын саны көбөйдү. Бирок жарандардан түшкөн арыздардын негизинде козголгон кылмыш иштер жабылып калат, болбосо иш жарандык тартипте каралышы керек деген негиз менен кылмыш иши козголбойт.

Кылмыш кодексинин 209-беренесинде «алдамчылык» жөнүндө аныктама толук болбой, жарандык алака-катыш деген түр менен бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу кылмыш катары көрсөтүлбөй калган. Натыйжада шылуун бирөөнүн мүлкүн ээлеп алганы ачыктан-ачык тастыкталып турса да, алдамчылык боюнча кылмыш иштердин бир топ бөлүгү жабылып калат.

Алдамчылык иштери боюнча сот чыгарган өкүмдөрдөн көрүнгөндөй, бир жаранга ири өлчөмдө материалдык зыян келтирип, аны төлөп бербеген адам адатта айып пул менен кутулат. Ал эми өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирген (анын ичинде кызмат абалын пайдаланып) киши көп учурда пробацияга чыгарылат.

ИИМ жазадан жеңил кутулуп кетерин билген адамдар кайра эле алдамчылык менен алектенип, жарандарга материалдык зыян келтирерин билдирет.

Мындан улам министрлик алдамчылык үчүн жазаны күчөтүүнү демилгелөөдө. Биринчиден 209-беренени «ошондой эле келишимдик милдеттенмелерди атайылап аткарбоо менен байланышкан алдамчылык» деген аныктама менен толуктоону сунуштоодо.

Анданы тышкары 209-берененин 2-бөлүгү боюнча 2 жылдын 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасын берүү каралууда. Азыркысы боюнча 3 жылга чейин абакка кесилет. Ал эми коомдук жумуштар жана айыппул түрүндөгү жаза мурункудай калууда.

209-берененин 3-бөлүгүндө айыппул жазасы алынып, 5 жылдан 7 жылга абакка кесүү сунушталууда. Азыркысы боюнча 100 миңден 200 миң сомго чейин айып пул салынат же 3 жылдан 5 жылга чейин абакка кесилет.

209-берененин 3-бөлүгү боюнча жаза 7 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу болот жана шылуун пробацияга чыга албайт. Азыркысы боюнча 5 жылдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган.

Exit mobile version