ИИМ Атамбаев суракка келүүгө милдеттүү экенин айтты

ИИМ Атамбаев суракка келүүгө милдеттүү экенин айтты

Тергөө кызматы экс-президент Алмазбек Атамбаев суракка келгенге милдеттүү экенин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда SUPER.KG Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлаганын жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, тергөөнүн суроолоруна Атамбаев жазуу түрүндө жооп бере албайт. Ал суракка өзү келиши керек.

Белгилей кетсек, Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча күбө катары суракка чакырылууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>