ИИМ: Атамбаевдин балдары күбө катары кармалган

ИИМ: Атамбаевдин балдары күбө катары кармалган

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин балдары массалык баш аламандыктар фактылары боюнча күбө  катары кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

“9-октябрындагы Бишкек шаарындагы окуялар боюнча  “Массалык баш аламандыктарды уюштуруу” беренеси менен иш козголгон. Тергөөнүн алкагында ИИМ менен УКМК тарабынан  Темирлан Султанбеков, Сеид Атамбаев жана Кадыр Атамбаев күбө катарында кармалып ИИМдин Тергөө кызматына алынып келинген”, – деп жазылат маалыматта.

ИИМден кошумчалагандай, Атамбаевдин балдары көрсөтмө берген соң алар үйлөрүнө кое берилген. Ал эми Темирлан Султанбеков жана А.Арматов аттуу адам тергөөдө күбө катарында көрсөтмө берип жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>