Site icon Reporter.kg

ИИМ баңгизат тууралуу видео жарыялады. Видеодо ырчы, актер, спортчулар бар

Өспүрүм куракта балдар ар бир нерсени татып көрүүгө ашыгат. Алардын ичинде эң эле ден соолукка жана адам баласынын жашоосуна терс таасирин тийгизген баңгиликке берилип кетүү. Баңгизат тууралуу Ички иштер министрлиги Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматы видеоролик жарыялап, Кыргызстандын сахна жана спорт жылдыздарынын эгер баңгизат колдонсо кандай болуп өзгөрөрүн көрсөттү.

Видеороликте көрүнүп тургандай эле баңгизат колдонгон адам канчалык өзгөргөнүн көрүүгө болот. ИИМдин атайын тарткан видеоролигине Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков, актерлор Актан Рыскелдиев менен Ростислав Ющенко, бийчи Юлия Катанаева, боксчу Орзубек Назаровдор тартылган. Аларды атайын гримдеп, өздөрүн күзгүдөн көрсөткөн. «Чын эле ушундай болуп калабы? Жаман болуп калат экен…», — деген сөздөрдү айтышып таң калышкан.

 

Exit mobile version