Site icon Reporter.kg

ИИМ: Баткенде милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө

Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүп, башка күч түзүмдөрү менен биргеликте коомдук абалды көзөмөлдөшүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Баткен облусунун ИИБнын жана Согди облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-1, Арка-2, Достук, Жаштык айылдарында, Кулуңду айыл аймагындагы Максат айылында Сада, Кулуңду айылдары менен Гафуров районунун айылдары менен чектешкен аймактарында биргелешкен кайгуулдар уюштурулуп, милиция кызматкерлери күнү-түнү кызмат өтөшүүдө.

Ошондой эле, ар бир жарандын укуктары менен коопсуздугун сактоо максатында чек арага чектеш Баткен районундагы Ак-Сай, Таш-Тумшук, Орто-Боз, Көк-Терек, Көк-Таш, Самаркандек, Кызыл-Бел, Достук, Кара-Бак, Ак-Сай-Ворух, Бакай, Ак-Сай-Развилка аймактарында тосмо-посттору коюлуп, аталган айылдардын жашоочуларына түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ал эми, Баткен ОИИБнын Жол коопсуздукту камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери атайын түзүлгөн багыттар менен күнү-түнү кайгуул жүргүзүүдө.

Азыркы учурда Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал туруктуу. Түнкү абал тынч, эч кандай терс көрүнүшсүз өттү.

Баткен облусунун Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев коомдук тартипти камсыздоодогу бардык аракеттерин координациялоо багытында иш чараларын жүргүзүүдө.

Exit mobile version