Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Азиз Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотууга байланышкан сотко чейинки өндүрүш аяктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирүү таратты.
[su_quote]Учурда кылмышка күнөөлүү бардык фигуранттарга айыптары угузулуп, аларга коюлган айыптар менен тааныштырылууда. Андан соң жакын арада сотко чейинки өндүрүштө тергелип аяктаган кылмыш иши Башкы прокуратура аркылуу сот органдарына жиберилет.[/su_quote]
Белгилей кетсек, Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон ишке мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 19 адам шектелип жатат.
Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы апрель айында “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негиз менен абактан бошотулган. Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу жана куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган