Site icon Reporter.kg

ИИМ: Бишкекте 18 жаштагы жигит баңгизат менен кармалды

Бишкекте 18 жаштагы жигит синтетикалык баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, милицияга жаш жигит Чүйдө жана Бишкекте «Телеграм» аркылуу синтетикалык баңгизаттарды таратуу менен алектенип жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 18 жаштагы жигит (А.А.) кармалган. Анын жанынан маңзат салынган 16 баштыкча табылып алынган. Ошондой эле ал баңгизат каткан жерлерин көрсөткөн.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык андан алынган заттар синтетикалык «Альфа — ПВП» баңгизаты болгон.

Ага 282-берене (сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version