Site icon Reporter.kg

ИИМ: Бишкекте коменданттык саат учурунда тартип бузган 28 жаранга кылмыш иши козголду

Бишкекте коменданттык саат учурунда миңден ашык милиция кызматкерлери ишке тартылышты. Бул тууралуу борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымдады.

«Бир күн ичинде коменданттык саат учурунда мыйзам бузгандардын 67 учуруна протокол түзүлдү. Жалпы шаар боюнча 28 кылмыш иши козголду анын ичинен 21 ачылды«,- деди Орозалиев.

Бишкекте түндө коменданттык саат учурунда тартип бузган жалпы 119 жаран кармалган.

Exit mobile version