Site icon Reporter.kg

ИИМ: БШК мүчөлөрү суракка күбө катары гана чакырылган

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү күбө катары чакырылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

«Ишти Башкы прокуратура козгогон. Эч ким арыз жазган эмес, факты боюнча гана шайлоо убагында көп шайлоо мыйзамдары бузулган. Ага БШК тийиштүү чара көргөн эмес деп. БШК мүчөлөрү күбө катары гана чакырылган», — деди ИИМ өкүлү.

Буга нааразы болгон депутаттар муну Борбордук шайлоо комиссиясына басым көрсөтүү катары сыпааташты.

Каныбек Иманалиев басым көрсөтүү фактысы боюнча Башкы прокуратура Ички иштер министрлигине иш козгосун деп талап кылды.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов ИИМ өкүлдөрү баардык БШК мүчөлөрүн суракка чакырып, алар расмий чакыруу жөнөткүлө деп барышпагандыгын билдирди.

Exit mobile version