ИИМ дин ишмерлерине кайрылып радикалдуу чакырыктардан алыс болууга үндөдү

ИИМ дин ишмерлерине кайрылып радикалдуу чакырыктардан алыс болууга үндөдү

Ичики иштер министрлиги (ИИМ) диний жана коомдук ишмерлерди радикализмиге байланышкан маселелерди талкулоодо этият болууга чакырат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кыматы кабарлайт.

“Акыркы убакта интернетке тарап жаткан диндин коомдогу орду жөнүндө материалдарда өзгөчө этияттуулукту талап кылган дин жана радикализм маселелерине тиешелүү билдирүүлөр чагылдырылган. Анда айтылган Конституциядан «Мамлекеттин башкаруусуна дин аралашпаган» түшүнүгүн алып салуу тууралуу сунуштар кызуу талкууга алынууда. Ушуга байланыштуу ИИМ радикалдаштырууга үгүттөгөн материалдарга көңүл бурууга милдеттүү. Жарандарды, диний жана коомдук ишмерлерди аталган маселени   талкуулоодо өзгөчө этият болуп, калкты тынчсыздандырбоого жана мыйзамда көрсөтүлгөн нормалардын чегинен чыкпоого чакырабыз”, – деп жазылат анда.

ИИМ ошондой эле, диний кастыкты козутуу аракетинин көргөндөргө жана  жогоруда айтылган талкууларда араздашуу элементтери байкалса тез арада мыйзамга ылайык чараларды көрөрүн белгилеп кеткен. Мындан сырткары диний маселелерди чагылдырууда мыйзамда көрсөтүлгөн нормалардын чегинен чыкпоого чакырган.

Буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акин Токталиев, муфтийдин орун басары Кадыр Маликов ж.б. бир нече дин өкүлдөрүнүн чогулуп алып сүйлөшүп жаткан жашыруун аудиосу тарады. Андагы аудиодо  алар өлкөдөгү саясий абалды талкуулап, учурда жазылып жаткан Баш мыйзамдын долбооруна шарият сотун киргизүү жана светтик деген сөздү алып салуу боюнча ар кандай ойлор айтылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>