Site icon Reporter.kg

ИИМ: Камчы Көлбаевдин жакын адамдарынын бири кармалды

Ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жакын адамдарынын бири кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-январь күнү Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине Чолпон-Ата шаарынан белгисиз адамдар сабап кеткен 35 жаштагы жаран жеткирилген.

Жабырлануучунун туугандары милицияга арыз менен кайрылып, бул факты боюнча тиешелүү чараларды көрүп, күнөөкөрлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 12-пункту (Бейбаштык максатта ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында шектүү катары Ысык-Көл районунун 33 жаштагы Н.С. аттуу тургуну кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана Камчы Асанбектин (Көлбаев) жакын адамдарынын бири болуп саналат.

Соттун чечими менен ал эки айга камакка алынган.

Тергөө амалдары жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version