Site icon Reporter.kg

ИИМ: Карантиндик талаптарды сактабаган 98 жаран жоопко тартылды

Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал жарыяланган чурда карантиндик талаптарды сактабаганы үчүн 98 жаран жоопко тартылды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 44 адамга 129 000 сомго айып пул салынып, калган 54 жарандын иши сотко өткөн.

Аларга 30 миңден 60 миң сомго чейин же андан ашык айып түрүндө жаза, ошондой эле 3 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Exit mobile version