23-апрелге карата өлкөнүн өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн 88 адам кармалып, 6 автоунаа атайын жайга токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Алардын ичинен:
Бишкек шаарында – 56,
Жалал-Абад шаарында — 13,
Ош шаарында — 5,
Нарын шаарында — 5,
Ат-Башы районунда — 7,
Сузак районунда — 1,
Кара-Суу районунда – 1 адам кармалды.
Ал эми Ноокат районунда тартип бузуу катталган жок. Кармалгандардын бардыгына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен үйлөрүн жиберилген.
Белгилей кетсек, 25-марттан тартып коронавирус көп чыккан Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. 15-апрелде өзгөчө абалдын убактсы 30-апрелге чейин узартылып, Нарын шаарына жана Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизилген.