Site icon Reporter.kg

ИИМ Конгантиевге көңүл айтты

Конгантиев Молдомуса Ташболотович
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мурдагы ички иштер министри Конгантиев Молдомуса Ташболотовичтин каза болгондугун өкүнүч менен билдирээрин министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ал көңүл айтууда, «кайгылуу өлүм биздин катарыбызды ички иштер органдарына кызмат кылууга өз өмүрүн арнаган, өз милдетин ак ниеттүүлүк аткарган татыктуу офицерден ажыратты»- деп айтылат.

Конгантиев Молдомуса Ташболотович 1958-жылдын 31-мартында Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Адистиги-укук таануу. Юридикалык илимдердин кандидаты. Милициянын генерал-лейтенанты атайын наамга ээ.

Милицияда кызмат өтөөнү кенже жетекчилик курамдан баштаган.
Ички иштер органдарындагы кызматын ал 1979-жылы күзөт бөлүмүнүн милиционери болуп баштаган, андан ары ал нөөмөтчү, участкалык инспектор, ОБХСС ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери болуп иштеген. 1993-жылдан тартып Жалал — Абад шаарынын ИИБнын начальнигинин орун басары, 1995-жылдан Жалал-Абад облусунун ИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, кийинчерээк ар кандай жетекчилик кызматтарды ээлеген.

2008-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри болуп дайындалган. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө мезгилинде өзүн укук коргоо органдарынын системасын жакшы билген жогорку кесипкөй жана демилгелүү жетекчи катары көрсөткөн. Анын аракетинин аркасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин материалдык-техникалык базасын толугу менен жакшыртуу боюнча практикалык чаралардын комплекси ишке ашырылган.
Молдомуса Конгантиев жогорку жоопкерчилик менен мүнөздөлүп, айырмаланчу, жаш кызматкерлер үчүн кынтыксыз кызматтын үлгүсү болуп саналат.

Ал милициянын ишин өркүндөтүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу ишине олуттуу жеке салым кошкон. Ар кандай мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга ээ болгон. Милициянын генерал-лейтенанты наамына чейин кызмат өтөгөн, бирок анын үлүшүнө оор сыноолор түшкөн.

Exit mobile version