Site icon Reporter.kg

ИИМ: коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан 15 факты каталды

Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан 15 факты катталды. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев  22-мартта Өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында 8 факты фейк маалыматтарды таратуу болсо калгандары спекуляциялык маалыматтарды тараткандар.

“Бүгүнкү күнү бул фактылар боюнча тиешелүү кызматкерлери териштирүү жүргүзүп жатат. Жыйынтыгы менен аларга Жазык кодексинин 344-беренеси боюнча мыйзам чегинде чара көрүлөт”, — деди Орозалиев.

Бүгүн эрте менен Улуттук коопуздук мамлекеттик комитети коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан  38 жаштагы адамды кармалгандыгын айткан.

Exit mobile version