Site icon Reporter.kg

ИИМ: Кундуз Жолдубаева камакка алдынды деген маалымат жалган

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева камакка алдынды деген маалмат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

«Ал Кой-Таш айылында болгон окуяларга байланыштуу 16-декабрда күбө катары суракка чакырылып, сурактан соң  коё берилди», — деп жазылат министрликтин маалматында.

Кундуз Жолдубаева буга чейин 7-8-августтагы Кой-Таш окуялары боюнча бир нече жолу ИИМдин Тергөө кызматына сурак берип чыккан.

Exit mobile version