Site icon Reporter.kg

ИИМ: Кыргыз-Тажик чек арасында түн тынч өттү

2-майга карата Баткен облусунун бардык район жана айылдарында абал туруктуу. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чек арадагы айылдар Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн толук көзөмөлүндө. Түнкү атышуулар катталган жок. Милиция кызматкерлери постторду орнотуп, чек ара аймактарында жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Куралдуу кагылышуу күндөрүнөн аман-эсен өткөн Баткен районунун бардык чек ара айылдары толугу менен кайтарууга алынып, посттор орнотулуп, Патрулдук милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо боюнча иш-чараларды өткөрүп жатышат.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткен облусундагы коомдук тартипти коргоо боюнча бардык иш-чараларды жеке көзөмөлүнө алып, кырдаалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Exit mobile version