Site icon Reporter.kg

ИИМ: Кыргызстанда карантин учурунда үйдөгү зордук-зомбулук күч алды

Кыргызстанда карантин учурунда үйдөгү зордук-зомбулуктун учурлары 61,1%га өстү. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

«Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 2019-жылдын 24-мартынан 24-апрелине чейин 100 факт катталса, быйыл 162 факт катталды. Шаар тургундары, сиздерге кайрылам, бул убакыт дагы өтөт, биз үй-бүлөлөрүбүздү сактап, жакындарыбызга сабырдуу болушубуз керек”, — деп чакырды Орозалиев.

Exit mobile version