ИИМ: Кыздарды сойкулукка мажбурлап чет өлкөргө жөнөтүп жүргөн аял кармалды  

ИИМ: Кыздарды сойкулукка мажбурлап чет өлкөргө жөнөтүп жүргөн аял кармалды  

Кыздарды сойкулукка мажбурлап чет өлкөргө жөнөтүп жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 48 жаштагы аял кармалып, үйүн тинтүү учурунда кендир жыттанган кара кочкул түстөгү зат табылган.  Соттук-химиялык изилдөө анын салмагы 8 граммды түзгөн «марихуана» экендигин аныктаган.

Мындан сырткары, кармалган адамдын жаш кыздарды чет өлкөлөргө сойкулук кызмат көрсөтүүгө мажбурлап жөнөтүп жүргөндүгү аныкталган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>