ИИМ менен УКМК кармаган кылмыштуу топтун өкүлдөрүн Жалал-Абаддын соту үй камагына чыгарды

ИИМ менен УКМК кармаган кылмыштуу топтун өкүлдөрүн Жалал-Абаддын соту үй камагына чыгарды

Базар-Коргон районунан 31 жаштагы тургунун коркутуп, 270 миң сомун тартып алган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, 19-март күнү милицияга жабырлануучу арыз менен кайрылган. Анын айтымында өзүн “Базар-Коргон боюнча положенецмин” деп тааныштырган “Өткүр” аттуу каймана аты бар бала ага телефон чалып, бир нече жолу акча талап кылган.

Жабырлануучу үйүндөгү буюмдарын сатып олтуруп жалпысынан “Өткүр” менен шеригине 270 миң сом берген.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде (Опузалап талап кылуу) беренеси менен сотко чейинки  өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө “Өткүр” аттуу аталган шектүү мурда бир нече жолу соттолгон 1994- Ж. у М. экендиги  белгилүү болгон. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болуп, Базар-Коргон районуна “положенец” болуп шайлангандыгы такталган.

Кылмышка шектүү Ж. у М. өзүнүн жүргөн жерин жашырып, жашаган жерин өзгөртүп тергөөгө келбей, тоскоолдук жаратып  качып жүргөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин негизинде, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында крим-чөйрөдөгү авторитеттердин “сходкасы” (жыйыны) болот экен жана тергөөдөн качып жүргөн Ж. у М. да ошол жакка барып калышы мүмкүн делген маалыматтар түшкөн.

22-май күнү ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Улуттук коопсуздук мамлекеттин комитетинин кызматкерлери тарабынан “Өткүр” менен шериги, адан башка кылмыштуу топтун 9 мүчөсү кармлаган.

Кылмышка шектелип жаткан “Өткүр” менен шериги  тергөө абагына киргизилип, калган 9 адам түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп кайра коё берилген.

Бирок, 24-май күнү шектүүлөрдү Жалал-Абад шаардык сотунун  судьясы  үй камагына чыгарып жиберген.
https://www.youtube.com/watch?v=dL6Ctaparbw&feature=emb_title

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>