Site icon Reporter.kg

ИИМ: Милиционерге 870 миң сом пара берген жаран кармалды

Ош шаарында милиция кызматкерине пара берүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, 18-февралда Ош шаарынын тургуну бир кылмыш иши боюнча камакта отурган адамдын бөгөт чарасын өзгөртүп, камактан чыгуусу үчүн милиция кызматкерине пара сунуштаган. Милиция кызматкери бул боюнча Тергөө кызматына арыз жазган.

Аталган факт боюнча 345-берене (пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.

20-февралда Ош шаарындагы Баңгизаттарды каршы күрөшүү кызматынын иш бөлмөсүндө милиция кызматкерине 870 миң сом пара берип жаткан жеринен 36 жаштагы А.А. кармалган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Exit mobile version