Site icon Reporter.kg

Милиция электрондук тамеки чеккен өспүрүмдөн канча пара алганы айтылды

Электрондук тамеки чеккен 16 жаштагы өспүрүмдөн милиция 1 миң сом пара алган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматында, 5-июль күнү болгон окуядан кийин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери ыкчам иш-чаралары көрүп, милиция кармалып, ал соттун чечими менен камалды.

«Айрым кызматкерлер өздөрүнүн аракеттери менен укук коргоо системасынын беделин түшүрүп жатышат», — дейт министрлик.

Белгилей кетсек, өспүрүм геморрагиялык инсульт алып, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Милициянын опузасынан улам инсультка кабылган баланын абалы айтылды

Exit mobile version