ИИМ: милиция кызматкери сойкуларды ташып жүрөт деген маалымат калп

ИИМ: милиция кызматкери сойкуларды ташып жүрөт деген маалымат калп

Айрым сайттарга жарыяланган милиция кызматкери сойкуларды ташып жүргөн деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Мекеменин маалыматына ылайык, кармалган милция кызматкерлери болгону коменданттык сааттын талаптарын бузушкан.

“Бишкек шаарындагы коменданттык сааттын убактысында Свердлов РИИБнын ыкчам кызматкери өзүнүн жеке автомашинасы менен шаар ичинде кетип бараткан кезде кайгуул кызматы аркылуу токтотулган. Учурда анын коменданттык сааттын талаптарын бузгандыгы үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат”, — деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

ИИМ ошондой эле жалган материалдарды таратуу үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралгандыгын эскерткен.

Кечээ айрым басылмалар Свердлов райондук милициясынын кызматкерлери коменданттык саат учурунда сойкуларды ташып жүргөнүн жана атайын уруксат кагаздарды сатканы үчүн кармалгандыгын жазышкан.
[su_image_carousel source=»media: 25166,25165,25164,25163″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>