Site icon Reporter.kg

ИИМ: Мурдагы прокурор, чет элдик жарандар баштаган топ бийликти басып алууну көздөгөн

Калайман башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууну көздөгөн адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин маалыматы боюнча, аталган топтун катарында башкы прокурордун мурдагы орун басары, чет өлкөдөгү согушка катышып келген теги кыргызстандык чет элдиктер жана өлкө жарандары болгон.

Алар Бишкектин чет жакасында спорттук оюндарды жана башка мелдештерди өткөрүп, ал жактан Конституцияга каршы чакырыктарды таштап, олку-солку абал жаратып, 17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн күнү бийликти басып алууну пландаган.

Бул ишке шектүү катары 7 адам кармалган. Алардын кампасынан элге ичирүү үчүн 1 миң бөтөлкө арак, 2 миң бөтөлкө суу, 1 тонна күрүч, согум үчүн 1 жылкы жана башаламандыкка катышкандарга палоо даярдоо үчүн башка азыктар табылган.

Ошондой кармалгандардан курал, ок-дары табылып алынган.

Кармалгандар (ИИМдин маалыматы):

1. К.А.О. — Ош облусунда туулган, кийин чет өлкөнүн жарандыгын алган. Чет жакта согушка катышып келген. Ал физикалык жактан даярдалган адамдарды таап, өздөрүнүн катарына тартыш керек болгон. Андан тышкары ага ичимдик, азык-түлүк сатып алуу, башаламандык учурунда укук коргоо органдарынын иш-аракетине байкоо салып, уюштуруучу менен координаторго маалымат берип туруу милдети жүктөлгөн.

Ал кармалганда жана үйүн тинтүү учурунда граната, патрондор, 3 квадрокоптер, мээлегич табылган.

2. М.А. уулу — Ош облусунда туулган, кийин чет өлкөнүн жарандыгын алган. Башаламандык болгондо К.А.га жардам берүү үчүн келген. Ал кармалганда жанынан номерлери өчүрүлгөн белгисиз үлгүдөгү тапанча жана октору, салмагы 5,7 грамм болгон «нашаа» баңгизаты табылган;

3. М.М.Т. — чет мамлекеттин жараны. Ал да башаламандык болгондо К.А.га жардам берүү үчүн өлкөгө келген. Дрондор менен иштөө боюнча адис, жардыруучу заттарды жасоону, колдонууну билет.

4. Б.Т.Н. — Чүй облусунун тургуну, уюштуруучу жана координатор. Мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Массалык башаламандыктарды уюштуруу үчүн аты аталган адамдарды катарына тартып, акча берген. Мессенджерлер аркылуу чагымчыл видеолорду, шилтемелерди таратуу менен алектенген. Ага алардын ишин каржылай ала турган адамдарды, анын ичинде мурда соттолгон кишилерди табуу милдети жүктөлгөн.

5. К.Д.С. — Чүй облусунун тургуну. Каракчылык, курал-жаракты мыйзамсыз сактоо, уурдоо жана баңгизатын сатуу боюнча бир нече жолу соттолгон. Ал кишилерди үгүттөп, акча берип спорттук иш-чарага деп топтоп, аларды Өкмөт үйүнө жөнөтүшү керек болгон.

6. Ч.А.С. — Чүй облусунун тургуну, уюштуруучу жана координатор. Ал Б.Т.Н. аттуу адамдын жакын кишиси болгон. Ага акча бөлүштүрүү, жалданган адамдардын акысын төлөө жана элди чагымчылдыкка үндөө милдети жүктөлгөн.

7. Кубан Адыл уулу — Жалал-Абад облусунда туулган, негизги уюштуруучу. Ал буга чейин башкы прокурордун орун басары болгон. Ага акча менен камсыз кылуу, укук коргоо органдары менен байланыш түзүп, алардын кыймыл-аракеттери жөнүндө алынган маалыматтарды берүү, башаламандыктар жана бийликти басып алуу учурунда алардын тобундагы адамдарга аткара турганын милдеттерин аныктоо жана координациялоо кирген.

Соттун чечими менен 7 адам тең келерки жылдын 10-январына чейин №1 тергөө абагына камакка алынган.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36, 278-беренелери (массалык баш аламандыктарга даярданууну уюштуруу), 261-беренесинин 1-бөлүгү (уюшкан топту түзүү), 263-беренесинин 2-бөлүгү (уюшкан топторду каржылоо), 36, 326-беренелери (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) боюнча айып тагылууда.

ИИМ учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Президенттин колунан «генерал-майор» наамын алган мурдагы прокурор кармалды

Exit mobile version