ИИМ: обсервацияда чуу чыгаргандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт

ИИМ: обсервацияда чуу чыгаргандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт

“Манас” аэропортунун жанындагы «Семетей» обсервациясында чуу чыгаргандар жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов брифинг учурунда айтты.

“Учурда бул жайда жалпысынан 432 адам обсервацияда жатат. Алардын айрымдары “бакшалар үй карантинине чыгып жатыптыр” деген ар кандай ушактарды угуп алып, чыгабыз деп жаңжал чыгарышууда. Аларды кайтарууга милициянын күчү жетет. Тартип бузгандарга мызам чегинде чара көрөбүз”,  — деди Каниметов.

Министрдин орун басары ошондой эле үй карантиндин шарттарын бузгандар тууралуу да айтып өттү.

 “Жалпысынан 18 миң 600 адам үй карантиндин талаптарын сактоого милдеттендирилген.  Булардын ичинен 65 адам эреже бюузганы үчүн жоопко тартылууда. Алардын  айрымдарына 3 миң сомдон айып пул салынса, айрымдарынын иши сотко чейинки өндүрүшкө алынган.”, — деди министрдин орун басары.

Буга чейин «Манас» аэропортунун жанындагы  “Семетей” обсервациясынжа жаткандар жаңжал чыгарып жатканы айтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>