Site icon Reporter.kg

ИИМ: «Орус фашисттери кыргыздарды сабап жатат» деген видео боюнча текшерүү иштери жүрүүдө

«Орус фашисттери кыргыздарды сабап жатат» деген аталышта социалдык тармактарга тараган видео боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда милиция кызматкерлери видеону изилдеп, текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.

«Мындан тышкары, видеого түшүп калган адамдардын жашаган жерин аныктоо боюнча бардык иштер жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

ИИМ жарандардан жалган маалымат таратпоону, аны менен коомчулукту адаштырбоону суранат. Буга тиешеси бар адамдарга карата мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version