ИИМ: Орусияда кыргыз жасалма паспортторун саткан сайт бөгөттөлгөн

ИИМ: Орусияда кыргыз жасалма паспортторун саткан сайт бөгөттөлгөн

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын документтерин даярдоого тиешеси бар кишилерди аныктоо, мыйзамсыз иштерге тыюу салуу жаатында Москвадагы укук коргоо органдары менен биргелешкен ыкчам иш-аракеттер жүрүп жатканын маалымдады.

Маалыматка ылайык, буга чейин жасалма документ саткан сайт Орусиядагы соттун чечими менен бөгөттөлгөн. ИИМдин маалыматына караганда ал сайт доменин өзгөртүп, мыйзамсыз ачып алып иштетип жаткан.

Орусиялык айрым сайттар Кыргызстандын ички жарандык паспортторун 15 миң рублден сатып жатканы тууралуу бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышты. Кыргызстандын жасалма паспорт маселеси көптөгөн эл аралык чырларда ачыкка чыгып келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>