Site icon Reporter.kg

ИИМ Ошто баңгизат саткан топ кармалганын билдирди

Ош облусунда баңгизаттарды сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу баңгитоптун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 15-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголуп, ИИМдин каттосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган, буга чейин 8 жолу соттолгон 33 жаштагы Н.М. уулу жетектеген топ маңзат сатып жүргөнү аныкталган. Ага 25 жаштагы М.Н. уулу, 24 жаштагы Ч.З. уулу жана 26 жаштагы М.Б. уулу кирген.

Иликтөө иштери учурунда 18-декабрда топтун жетекчиси 33 жаштагы Н.М. уулу кармалып, анын унаасынан 2 бычак табылып алынган.

20-декабрда топтун мүчөсү М.Б. уулу кармалып, анын унаасынан Афганистанда өндүрүлгөн «нашаа» табылып алынган.

Натыйжада топко кирген 4 адам тең кармалып, Ош шаарынын тергөө абагына камакка алынган.

Учурда тергөө уланып, бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери уланууда.

Exit mobile version