ИИМ: отжимание жасабайсың деп жаш баланы сабаган адамдын өздүгү такталды

ИИМ: отжимание жасабайсың деп жаш баланы сабаган адамдын өздүгү такталды

Жатып жерден түртүлүү көнүгүүсүн (отжимание — ред.) жасабайсың деп жаш баланы сабаган адамдын өздүгү такталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жаш баланы сабаган адам Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Ж.Э. аттуу тургуну экендиги аныкталган.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн ыкчам-иликтөөгө ылайык, ал үй бүлөөсү менен 2019-жылдын октябрь айында Орусияга учуп кетишкендиги аныкталган.

Учурда аны кармоо боюнчча ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

https://www.facebook.com/bekturb/videos/2867458116623086/?t=0

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>