Site icon Reporter.kg

ИИМ: Республика боюнча жалган маалымат тараткан 15 факты катталып, кылмыш иши козголду

Республика боюнча жалган маалымат тараткан 15 факты катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Милиция кызматкерлери жалган маалыматтарды тараткан жарандардын өздүгүн тактоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

«Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде чогултулган материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 344-беренеси (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. ИИМ кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертти», — деп жазылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

Exit mobile version