ИИМ: Саат 19.00гө карата добуш сатып алуу боюнча 11 факты катталды

ИИМ: Саат 19.00гө карата добуш сатып алуу боюнча 11 факты катталды

Соңку маалыматтарга караганда саат 19.00гө карата шайлоо маалындагы мыйзам бузуу боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 21 факты катталды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлү Султан Маликов 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) өткөн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, катталган фактылардын 14ү кылмыштар, жетөө жоруктарга байланыштуу. Негизинен добуш сатып алуу боюнча фактылар көп.

«21 фактынын ичинен 11и добуш сатып алуу боюнча. Калгандары шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу жана майда бейбаштык болуп эсептелет. Бишкек шаарында үч факты, Жалал-Абад менен Ош облустарында бештен, Чүйдө алты факты, Баткен менен Нарын облустарында бирден факты катталды. Андан тышкары каттоо журналына 74 маалымат катталып ИИМде текшерилип жатат»,- деди Маликов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>