ИИМ: Саясий кысым эмес, жаңы Конституцияны колдогондор деле суракка чакырылууда

ИИМ: Саясий кысым эмес, жаңы Конституцияны колдогондор деле суракка чакырылууда

Жаңы Баш мыйзамга каршы пикирин билдирген депутаттардын суракка чакыртылуусу боюнча Ички иштер министрлиги расмий маалымат таратты.

Анда суракка чакырылган эл өкүлдөрү алардын саясий позицияларына байланыштуу эмес, 5-6-октябрдагы окуялар боюнча ачылган кылмыш иштеринин алкагында күбө катары гана чакыруу кагазы жөнөтүлгөнү айтылат.   

 “Эч кимге эч кандай кысым болгон жок, тергөө 5-6-октябрдагы окуялар боюнча тиешелүү жарандарды күбө катары чакырды. Ушул күндөрү болгон окуялар боюнча бир нече оор берене  менен кылмыш иштери козголгон.

Анын алкагында адамдар суракка чакырылууда, алдардын арасында коомдук ишмерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери да бар. 

Суракка чакырылгандардын арасында азыркы сунушталып жаткан Конституцияны колдогондор деле бар экендиги белгилүү. Андыктан Октябрь окуялары боюнча тергелип жаткан иштерди саясатташтырууга негиз жок”, — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Белгилей кетсек, буга чейин Жаңы баш мыйзамдын долбооруна каршы пикирлерин айткан депутаттар Жанар Акаев, Эмил Токтошев, Мирлан Жеенчороев, Рыскелди Момбеков суракка чакырылганы айтылган. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>