Site icon Reporter.kg

ИИМ: Сокулукта депутаттыкка талапкер камакка алынды

Бүгүн,  9-апрелде облусунун Сокулук районунда жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер кармалды. Бул маалыматты «Репортёрго» ИИМдин Тергөө кызматынын жетекчиси Султан Макилов тастыктады.

Анын айтымында, аталган талапкер 2018-жылы козголгон мыйзамсыз жер сатуу иштерине байланыштуу кармалган.

«Келтирилген зыяндын баасы 28 миң долларга бааланууда. Сурак учурунда ал депутаттыкка талапкер экенин айткан эмес. Сот анын кармалышы мыйзамдуу жана негиздүү деп таап, СИЗО-1ге эки айга камакка алды», — деди ал.

Exit mobile version