ИИМ: түндө 117 жаран коммендаттык сааттын талаптарын бузуп кармалды

ИИМ: түндө 117 жаран коммендаттык сааттын талаптарын бузуп кармалды

1-апрелге караган түнү өзгөчө абал киргизилген аймактарда коммендаттык сааттын талаптарын бузган 6 унаа атайын жайга токтотулуп, 117 жаран милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча 86 адам, Ош шаары боюнча 29 адам , Сузак районунда 1,
Кара-Суу районунда 1 адам кармалып райондук милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген.

Тартип бузгандарга коменданттык сааттын талаптары менен эрежелери  боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилген.

“Өзгөчө абал жөнүндө” мыйзамга ылайык,  тартипти бузгандыгы үчүн кармлаган адамдар коменданттык саат аяктаганга чейин кармалат. Ал эми жанында документтери жоктор үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармалат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>