ИИМ: түндө коменданттык сааттын талаптарын бузган 73 адамды кармадык

ИИМ: түндө коменданттык сааттын талаптарын бузган 73 адамды кармадык

29-апрелге караган түнү өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарында, Ат-Башы, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда коменданттык сааттын талабын бузган 73 жаран кармалды.

Алардын ичинен Бишкек шаары – 47, Ош шаары – 12, Жалал-Абад шаары – 2, Сузак район – 4, Нарын шаары – 6, Ат-Башы району – 2 адам кармалды.

Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу боюнча тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан 25-марттан 29-апрелге чейин өлкө аймагында коменданттык саат учурунда 3727 жаран кармалган. Алардын бардыгы коменданттык сааттын убактысы аяктары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйлөрүнө коё берилген.

Белгилей кетсек,  25-марттан тартып коронавирус көп чыккан Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. 15-апрелде өзгөчө абалдын убактсы 30-апрелге чейин узартылып, Нарын шаарына жана Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>