Site icon Reporter.kg

ИИМ: түндө коменданттык сааттын талаптарын бузган 83 адам кармалды

22-апрелге карата өлкөнүн өзгөчө абал киргизилген  аймактарында коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн 83 адам кармалып, 5 автоунаа атайын жайга токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Алардын ичинен:

Ал эми Ноокат жана Кара-Суу райондорунда тартип бузгандар болгон эмес.

25-марттан тартып коронавирус көп чыккан Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. 15-апрелде өзгөчө абалдын убактсы 30-апрелге чейин узартылып, Нарын шаарына жана Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизилген.

Exit mobile version