18-апрелге карата өлкөнүн өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн 93 адам кармалып, 8 автоунаа атайын жайга токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Алардын ичинен:
- Бишкек шаары боюнча 74,
- Жалал-Абад шаары боюнча 5,
- Ош шаары боюнча 6,
- Кара-Суу району боюнча 3,
- Ат-Башы району боюнча 5 адам кармалган.
Ал эми Наарын шаары, Ноокат жана Сузак райондорунда тартип бузгандар болгон эмес.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2798 жаран коменданттык саатты бузганы үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалып, коё берилди.
25-марттан тартып коронавирус көп чыккан Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. 15-апрелде өзгөчө абалдын убактсы 30-апрелге чейин узартылып, Нарын шаарына жана Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизилген.
17-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусун жуктурган жалпы 489 учур катталды. Алардын ичинен 5 адам оорудан каза болгон.