Site icon Reporter.kg

ИИМ: түндө коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн 93 адам кармалды

18-апрелге карата өлкөнүн өзгөчө абал киргизилген  аймактарында коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн 93 адам кармалып, 8 автоунаа атайын жайга токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Алардын ичинен:

Ал эми Наарын шаары, Ноокат жана Сузак райондорунда тартип бузгандар болгон эмес.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2798 жаран коменданттык саатты бузганы үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалып, коё берилди.

25-марттан тартып коронавирус көп чыккан Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. 15-апрелде өзгөчө абалдын убактсы 30-апрелге чейин узартылып, Нарын шаарына жана Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизилген.

17-апрелге карата Кыргызстанда  коронавирусун жуктурган жалпы 489 учур катталды. Алардын ичинен 5 адам оорудан каза болгон.

Exit mobile version