ИИМ: түндө коммендаттык сааттын талаптарын 147 жаран бузду

ИИМ: түндө коммендаттык сааттын талаптарын 147 жаран бузду

1-апрелге караган түнү өзгөчө абал киргизилген аймактарда коммендаттык сааттын талаптарын бузган 12 унаа токтотулуп, 147 жаран милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 119, Ош шаары боюнча – 2, Жалал-Абад шаары – 10, Сузак району боюнча – 8 жана Кара-Суу району боюнча 8 адам кармалып райондук бөлүмдөргө жеткирилген.

Тартип бузгандарга коменданттык сааттын талаптары менен эрежелери  боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилген.

“Өзгөчө абал жөнүндө” мыйзамга ылайык,  тартипти бузгандыгы үчүн кармлаган адамдар коменданттык саат аяктаганга чейин кармалат. Ал эми жанында документтери жоктор үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармалат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>