ИИМ: түндө коммендаттык сааттын талаптарын бузган 94 жаран кармалды

ИИМ: түндө коммендаттык сааттын талаптарын бузган 94 жаран кармалды

7-апрелге караган түнү өзгөчө абал киргизилген аймактарда коммендаттык сааттын талаптарын бузган 94 жаран милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Алардын ичинен:

  • Бишкек шаары боюнча — 80,
  • Ош шаары боюнча — 5,
  • Жалал-Абад шаары — 3,
  • Сузак районунда — 1,
  • Кара-Суу районунда- 5 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

Тартип бузгандарга коменданттык сааттын талаптары менен эрежелери  боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>